• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бүгүн Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчөт

30 Чын куран 202610:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкектин айрым бөлүгүндө убактылуу суу өчүрүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 30-апрелде саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ахунбаев көчөсү – Ташауз көчөсү – Тыналиев көчөсү – Садырбаев көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Суу Д-200 мм болгон  суу түтүгүндө авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө  байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканаларды,  тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 338