• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бүгүн Дача-Су боюнча түзүлгөн комиссия прокуратуранын маалыматын угат

23 Бугу 2022 9:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-майда Дача СУ окуясын иликтеген коомдук комиссиянын отуруму уланат. Бул тууралуу Govori.TVга комиссиянын мүчөсү Нурбек Токтакунов билдирди.

Маалыматка караганда, жыйында Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат берет.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2017-жылдын 16-январында болгон Дача-СУдагы авиакырсыкты иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүү боюнча жарлык чыгарды. Анын катарына иликтөөчү журналисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, айрым жигердүү жарандар кошулган. 18 адамдан турган коомдук комиссия түзүлүп, ага мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов төрага болгон.

Количество просмотров: 90