• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынга чогулат

21 Кулжа 2022 9:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июнда “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев менен саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн иликтеген комиссия алгачкы жыйынга чогулат. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалым болгондой, комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Ага акыйкатчыдан сырткары Жогорку Кеңештин, тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү жана маркумдардын жакындары кирген.

Эске салсак, саясат талдоочу Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси эсине келбей каза болгон. Ал 2021-жылдын апрель айында «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.

Ал эми “Айыл банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Асанбаев 18-июнда түнкү саат бирге жакын атайын кызматтын тергөө абагында асынып турган абалда табылган. Ал коррупцияга шек саналып камакка алынган.

Кийин Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзгөн.

Количество просмотров: 122