Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы депутат Айгүл Айдарованы фракциядан чыгарды.
Мындай чечим фракциянын 30-майдагы отурумунда кабыл алынган. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Исхак Масалиевдин айтымында, депутат Айдарова фракциянын көптөгөн жыйындарына катышкан эмес жана анын пикири фракциянын саясатына дал келбейт.
Айгүл Айдарова 2022-жылы январь айында диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келген.