• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Байтик Баатыр көчөсүнүн Сүйөркуловдон Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды

29 Кулжа 2024 10:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июнда жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жаткан Байтик Баатыр көчөсүнүн А. Сүйөркулов көчөсүнөн К. Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктап, аталган тилке унаа кыймылы үчүн ачылды.

Мэриядан кабарлашкандай, жолдун таманына эки катмар асфальт басылып, чийиндер чийилип, жол белгилери орнотулду. Көчөнүн эки тарабындагы ирригациялык тутумду жана жашыл аймакты ирээтке келтирүү жумуштары уланат.

Белгилей кетсек, аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы аяктап, А. Токомбаевден А. Сүйөркуловго чейинки бөлүгү колдонууга берилген. Жалпысынан Жибек-Жолу проспектисине чейин реаблитация болот.

Количество просмотров: 98