• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балдар үйүндөгү зомбулук. Акыйкатчылык билдирүү таратты

10 Чын куран 202515:07 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Белгилей кетсек буга чейин, соцтармактарда Ош шаарындагы “Лотос” балдар үйүнүн тарбиялануучусу сабалды делген видео тараган. Анда “Боорукердик” карылар үйүнүн кызматкерлери балдарга күч колдонуп, жашоочулар тарабынан ыдык көрсөткөнүн айтышкан.

Институттун Ош облусундагы өкүлчүлүгү видеодо айтылган маалыматты текшерүү үчүн, “Боорукерлик” жана “Лотоско” барып, андагы акыбалга мониторинг жүргүздү.

Институттун кызматкерлери барган учурда, укук коргоо кызматкерлери да жеринде иш алып барып жатышкан.

«Кызга ыдык көрсөтүүгө шектелип жаткан карыя “Боорукердик” үйүндө өткөн жылдын 22-август айынан бери жашайт. Үй-бүлөсү жана жашаган жери жок. Ал буга чейин, соттолгон.
Белгилей кетчү жагдай, “Боорукердик” мекемесинин короосундагы имаратта дагы бир балдар үйү жайгашкан. Анда 30га жакын жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат. Азыркы учурда, “Лотостун” тарбиялануучуларына байланыштуу маалымат текшерилип, айрым фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен окуяга тиешеси барларга укуктук баа берилет»,-деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы Институнун кызматкерлери жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын курамына кирди.

Количество просмотров: 402