Бишкек — Балыкчы поезди «Быстровка» станциясында эки саат токтоп турду. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Бишкек – Балыкчы поездинин каттамы эмнеден кечигип жатканын түшүндүрдү.
«26-июлда саат 9:44тө Бишкек-Балыкчы жүргүнчү ташуучу поездинин кыймылдаткычынын иштен чыккандыгына байланыштуу Быстровка станциясында токтоп калган. Бул тууралуу билдирүү келери менен оңдоо чаралары көрүлгөн. Ага 1 саат 48 мүнөт талап кылынган. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрүнөн кечирим сурайбыз”, — деп айтылат билдирүүдө.