• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Баткенде миңден ашык тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү 

25 Кулжа 2024 9:10 Бишкек Govori.TV

Баткенде селден улам 1 миңден ашык жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев, бүгүн эрте менен саат 07:00дө сел кесепеттерин жоюу боюнча район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү.

Облус башчысы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жер-жерлерде жумуш алып баруу, бардык техникаларды тартуу, үзгүлтүккө учураган суу, электр энергиясын калыбына келтирүү, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү болгон бардык шарттарды түзүү, элдерге психологиялык жардамдарды уюштуруу, зарылчылык болсо эвакуация болгон элди убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Облустун аймагында алдын ала маалымат боюнча, 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн , 5 социалдык обьектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген.

Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1 миңге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Тилекке каршы Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы Саидазим Илхамовдун сөөгү саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылды, учурда абалы орто.

Сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.

Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Количество просмотров: 70