• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Баткенде сел 3 баш бодо малды, 14 кой-эчкини агызып кетти

24 Кулжа 2024 13:06 Бишкек Govori.TV

23-июнь күнү түштөн кийин жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин Баткен облусунун Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Сел суулары жалпы облус боюнча 16 турак үйдүн короосуна, 3 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 2 мал сарайга кирген. ӨКМ жергиликтүү башкармалыктарынан ыкчам топтор тартылып, турак үйлөр сел сууларынан тазаланды.

«Сел 3 баш бодо мал, 14 баш майда малды агызып кеткен»,-деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле 19340 метр ички чарбалык жолго, 1100 метр унаа жолуна, 6000 метр ички чарбалык арыктарга, 4000 метр сай жээгине, 50сотых эгин талааларына зыянын тийгизген. Жолдор сел калдыктарынан тазаланып, учурда унаа жолдор жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор ачылды.

Мындан сырткары 5 даана бетон шакекче, 2 даана газ түтүкчөнүн тирегичи, “Тибет-Ажу” кирпич заводунун печкасы жана кирпичтери жабыркаган.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасынын негизинде сел келген аймактарда ыкчам иш аракеттер жүрүүдө.

Количество просмотров: 154