• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер: “Алтынкен”- мамлекеттик ири масштабдагы коррупция!”

8 Бирдин айы 2018 15:58 Бишкек Govori.TV
 Бишкек. 08.02.2018. Govori.TV
“Алтынкен”- мамлекеттеги ири масштабдагы коррупция!” Мындай пикирин мурдагы вице-премьер министр Базарбай Мамбетов фейсбук баракчасына жазды.
“Ал башында эле ит бекер жана коррупциялык жол менен казакстандык компаниядан 60 пайыздык үлүштү кытайлык компания 76 млн. долларга сатып алуу менен башталган. Бул соода-сатыктан Кыргызстандын бюджетине бир да доллар пайда түшкөн эмес. Кытайлык компания ал жакка ЗИФ куруп, жана алар Доре куймасын ошол жактан чыгармак болушкан. Бирок, буга карабастан, 2015-жылы ЖКнын депутаттар тобу кытайлыктарга алтынды концентрат түрүндө ташып кетүүгө уруксат берип коюшкан. Бул баардыгынан чоң коррупция болгон, биз эч качан буга жол бербешибиз керек эле”,-дейт ал.

Ошондой эле “Алтынкен” менен кыргыз өкөмтү кенди иштетүү боюнча келишим түзбөгөнүнү, кендин ээси мамлекет болуп туруп, анын ташылып кетишине макул болгонуна кейийт.

 

Количество просмотров: 26