• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкандар аныкталды

30 Теке 2023 10:49 Бишкек Govori.TV

«Түндүк» темир жол бажысынын кызматкерлери бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын мартында «Аламүдүн» станциясына Грузиядан 2017-жылы чыгарылган Toyota Rav 4 үлгүсүндөгү унаа келген. 2-мартта убактылуу сактоо документи ачылган. Убактылуу сактоонун бардык мөөнөтүнүн ичинде (4 ай) унаа бажылык тариздөөдөн өткөн эмес.

Убактылуу сактоо кампасынын аймагын текшерүү учурунда бул унаа жок экендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жаран «К.Н.У.» бажы көзөмөлүндө турган унааны алып чыгып, тариздөөсүз үчүнчү жакка сатып жиберген.

Бажы төлөмдөрүн төлөөгө тийиш болгон жалпы сумма 221 миң 480 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Количество просмотров: 104