• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Бишкек» ЭЭЧда кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз иш аракеттер аныкталды

26 Үчтүн айы 2022 11:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан баалуу металлдарды камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Бажы кызматынын жана “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) кызмат адамдарынын колдоосу менен “Бишкек” ЭЭЧнүн аймагында уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири, уулу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды.

Белгиленген факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 73