• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкекте дагы 32 мектеп карантинге жабылды

14 Бештин айы 2022 20:24 Бишкек Govori.TV

Борбор калаада курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу борбор калаанын дагы 32 мектеби онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 14-декабрдан тарта онлайн окутууга өткөн 8 мектепти эске алганда, борбордо жалпысынан 40 мектептин окуучулары үйдөн билим алышат.

Алсак, Октябрь районунун 10 мектебине (No14,17,34,56,62,63,71,88,73,98) санитардык көрсөтмөлөр даярдалган;

Свердлов району 9 мектеп (No 11,16,21,30,33,35,10,66,89) жана 1-мектеп-интернат;

Биринчи Май районунда 3 мектеп
(№ 27,75,83);

Ленин районунда 9 мектеп (No 2,8,22 47,57,74,79,80,97);

Бүгүнкү күндө окуучулардын 20%ы мектепке барбайт.

Белгилей кетсек, мектеп жана бала бакчалардын кызматкерлери арасында ОРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жана көрсөтмөлөр жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 78 миң 368 учурга каршы курч респиратордук вирустук инфекциялардын 78 миң 656 учуру катталган.

Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери арасында жер-жерлерде Бишкекте ОРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 244