• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

Бишкекте өрттөн 1 адам куткарылып, 30 адам эвакуацияланды

18 Кулжа 2024 14:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өрттөн 1 адам куткарылып, 30 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, бир адам куткарылды. Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам эвакуацияланган.

Тилсиз жоо саат 13:34тө чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 144