• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түштүк Кореядагы заводдогу өрттө 20дан ашык адам каза тапты

26 Кулжа 202410:53 Бишкек Govori.TV

Түштүк Кореядагы заводдогу өрттө 20дан ашык адам каза тапты. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.

Маалыматка караганда, Хвасондогу литий аккумуляторлорун чыгарган заводдогу тилсиз жоодо көз жумгандардын саны 22ге жетти. Алардын көбү кытайлык жарандар.

Сеул шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан заводдо өрттү өрт өчүрүүчүлөр чектөөгө алышкан. Каза тапкандардын баары фабрикалык корпустун экинчи кабатынан табылган.

Количество просмотров: 111