Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан чыккан өрт саат 15:36да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалым болгондой, тилсиз жоону өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.
Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, иске ууланган бир жаран куткарылган.
Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам батирден эвакуацияланган.