• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйыны өтүүдө

14 Бугу 202612:28 Бишкек Govori.TV

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны өтүүдө.

Жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттер — Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышууда.

Маалымдалгандай, иш-чаранын негизги максаты — ШКУга мүчө мамлекеттердин аймагындагы туруктуулукту сактоо жана заманбап чакырыктарга каршы биргелешкен чараларды талкуулоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, аймактык коопсуздукту камсыздоодо стратегиялык мааниге ээ болгон бул иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында өтүүдө. Жыйынга Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков модераторлук кылууда.

Эскерте кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын юбилейлик 20-жыйыны өткөн жылы Кытайдын Пекин шаарында өткөн.

Шанхай кызматташтык уюму 2001-жылдын 15-июнунда Кытайдын Шанхай шаарында негизделген. Бүгүнкү күндө уюмга он мамлекет мүчө: Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан.

Количество просмотров: 164