• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт (даректер)

1 Теке 2024 13:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-5-июль күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

ЧЧК, Жогорку Ат-Башы каналы, Дачный тар көчөсү, Алма-Ата көчөсү, Гидростроитель көчөсү, Аул көчөсү, Курманалиев көчөсү, Первомай көчөсү, Логвиненко көчөсү, Киргизия көчөсү, Айланма жол, Ала-Арча дарыясы, Бухара көчөсү, Заводской тар көчөсү, Коллективная көчөсү, Кырк Чоро көчөсү, Төмөнкү Ала-Арча айылы, Кызыл Куруучу конушу, Кайынды конушу, Эне-Сай конушу, Керамическая конушу, Чалбай конушу, «Шоро», «Шин-Лайн», «Куликов торт» өндүрүш ишканалары, «Сантех Заготовок» заводу, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Количество просмотров: 121