• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкектин айрым жерлеринде 8 күн газ өчөт

14 Бугу 202615:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 8 күн жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» газ кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 15-22-май күндөрү Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Сүйүмбаев көчөсү, Аламүдүн дарыясы, Жумабек көчөсү, ЧЧК, Абдрахманов көчөсү, Тоголок Молдо көчөсү, М. Ганди көчөсү менен чектелген аймакта газ болбойт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Количество просмотров: 210