Борбордук Азия чөлкөмундөгү азык-түлүк коопсуздугу учурда үч эселенген кысымга дуушар болууда: климаттын өзгөрүшү, жердин деградациясы жана суунун тартыштыгы. Бул тууралуу Астанада өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай кызматынын директору Алмаз Жээналиев билдирди.
Борбордук Азиянын айыл чарбасы чек ара аркылуу өтүүчү дарыя бассейндерине өтө көз каранды, бирок учурдагы инфраструктура жана башкаруу тажрыйбалары жетишсиз.
2050-жылга чейинки негизги кыйынчылыктар:
Эгиндин түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү: суунун тартыштыгынан улам 30% га төмөндөшү күтүлүүдө.
Ресурстардын жоготуулары: инфраструктуранын начарлашынан улам сугат суусунун 60% га чейин жоголот.
Экономикалык зыян: кургакчылык жана суу ташкындары аймакка жыл сайын 14 миллиард долларга чыгым алып келет.
Социалдык тобокелдик: калктын болжол менен 18% азык-түлүк коопсуздугуна туш болууда.