• Жума 5 Теке 2024
  • Пятница 5 Июль 2024

БУУнун башкы катчысы Кыргызстанды чаап бараткан күлүккө окшоштурду

2 Теке 2024 13:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президент Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр башталды.

Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысы менен учурашып жатып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде БУУнун делегациясын тосуп алууга кубанычта экенин белгиледи.

Жолугушууда БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн жана коңшулары менен маселелерди чечүү аракеттерин кубаттады.

Гутерриш мурда бир нече ирет Кыргызстанга келип кеткенин айтып, “бирок мындай динамиканы эч качан көрбөгөнүн” белгиледи. Ал Жапаровго кайрылып, “сиздин өлкөңүз мурда уктап жаткан болсо, азыр чуркаган күлүккө айланыптыр” деди.

Количество просмотров: 62