• Жекшемби 21 Теке 2024
  • Воскресенье 21 Июль 2024

Жапаров Азербайжанга кетти. Делегациянын курамы

5 Теке 2024 13:38 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти.

Мамлекет башчысы бул сапардын алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жолугушуусунун темасы “Транспорт, байланыш жана климаттык ишмердүүлүк аркылуу туруктуу келечекти калыптандырууну камсыз кылуу” болуп саналат.

Делегациянын курамындагылар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;
  • транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.
Количество просмотров: 166