• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Быйыл ЖРТдан эң көп баллды Алайдагы бүтүрүүчү алды 

16 Теке 2020 13:23 Бишкек Govori.TV

Жалпы республикалык тестирлѳѳгѳ 43 245 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен 53 бүтүрүүчү эң жогорку упай алып, «Алтын сертификатка» ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогору упайды Алай районунун Кабылан-Көл айылындагы Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурбек кызы Акмарал алган. Анын баллы — 229.

Бишкек шаары – 28

Ош шаары — 3

Чүй облусу – 6

Ош облусу – 2

Талас облусу – 2

Баткен облусу – 6

Ысык-Кѳл облусу – 4

Нарын облусу – 1

Жалал-Абад облусу -1

«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ЖРТда эң жогорку упай алган, сапаттуу билимге эгедер мектеп бүтүрүүчүлөрүн,  окуткан агай-эжекелерин, ата-энелерин куттуктайт жана алардын окууларына ийгиликтерди каалайт»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы учурда ар кандай себептер менен мурдагы эки этапка катыша албаган бүтүрүүчүлѳр ЖРТга тест тапшырышты (2020-жылдын 13-14-июлунда), алардын саны 700гѳ жакын. Акыркы этаптын жыйынтыгы боюнча эң жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлѳр болсо, «Алтын сертификатка» ээ болгон тизмеге 2020-жылдын 17-июлунда  кошумча киргизилет. 

Количество просмотров: 174