Чүй облусуна карашатуу Аламүдүн районунда аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган аялдын сөөгү Кара-Жыгач айылындагы арыктын жанынан табылган. Бул окуя боюнча иш козголуп, аны менен чогуу жашап жана иштеп жүргөн 38 жаштагы киши кылмышка шектелип кармалган.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.