• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Судья качып баратып, УКМКнын кызматкерин тебелеп кете жаздады

4 Теке 202423:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эки судья кармалды. Атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, судьялардын бири кармоо учурунда тергөө органдарынан качууга аракет кылып, өзүнүн кызматтык автоунаасы менен кырсыкка кабылган.


УКМК кабарлагандай, тергөөдө аталган судьялар катчысы аркылуу М.Н аттуу соттолуучудан актоо өкүмүн чыгарып берем деп 10 миң АКШ долларын талап кылган.

Соттолуучу сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин катчысы аркылуу эркинен ажыратпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң доллар талап кылган. Атайын кызмат ал акчаны кызматкерлер бөлүп алган деп билдирди. Азырынча кармалгандардын адвокаттары комментарий бере элек.

Судьялар кеңеши Чүй облустук сотунун судьялары Тилек Абдырашитовду жана Улукбек Калыбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Количество просмотров: 452