• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чукул кабар. Кыргызстанда күндүн көзү бузулат

20 Аяк оона 20188:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.09.2018.Govori.TV.
21-24-сентябрь күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.
Чүй өрөөнүндө 16…21, Талас өрөөнүндө 13…18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25 градус жылуу болот.
Тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16, тоолуу райондордо 5…10 градус жылуу, бийик тоолуу аймактарда 0…-5 градус суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.

 

Количество просмотров: 48