• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дүйнөнүн эң бай адамы Билл Гейтс жубайы менен ажырашат

4 Бугу 202110:11 Бишкек Govori.TV

Америкалык миллиардер, «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жана анын жубайы Мелинда менен ажырашат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.

«Көпкө чейин ойлонуп, никебизди токтотуу жөнүндө чечим кабыл алдык. Бирге жашаган 27 жылда үч баланы өстүрүп, кайрымдуулук фонд түптөдүк. Биз мурункудай эле фонддун миссиясына ишенебиз жана фонддогу биргелешкен жумушубузду улантабыз. Бирок биз мындан ары жубай катары ийгиликтерге жетерибизге ишенбей калдык», — деп айтылат жубайлардын биргелешкен билдирүүсүндө.

Билл Гейтс дүйнө жүзүндөгү эң бай беш адамдын бири, анын үй-бүлөсүнүн байлыгы 130 миллиард долларга бааланган.

Количество просмотров: 97