• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Демир Банк» валюталык операцияларга чектөө киргизди

28 Бирдин айы 202215:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстангы «Демир Банкы» валюталык операцияларга убактылуу чектөө киргизди. Бул банктын расмий сайтында маалымдалды.

Билдирүүдө айтылгандай, чектөөлөр интернет-банкингде, мобилдик банкингде, банкоматтарда, ошондой эле Демир Банктын бардык бөлүмдөрүндө колдонулат. Күнүмдүк чектөө 50 миң сомго чейин түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Украинадагы окуялардын фонунда АКШ валютасына суроо-талап күчөгөн. Кыргызстанда доллардын курсу кескин көтөрүлүп 95 сомго чейин жеткен. Ал эми Улуттук банк интервенция жасап, 13 миллион доллардан ашык саткан.

Количество просмотров: 90