• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Депутаттар уран казууга жол ачкан мыйзамды биринчи окууда жактырды

29 Бугу 2024 12:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого алынды.

Жыйында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев баяндама жасады.

Мыйзам долбоорун 69 депутат колдоп, 3 депутат каршы добуш беришти.

28-майда ЖКнын Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети атайлган мыйзам долбоорун колдогон. Документти ушул эле күнү парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жактырган. Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет 27-майдагы отурумунда биринчи окууда колдогон.

Эске салсак, документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

2019-жылдын жазында «Кыргызстандагы ЮрАзия» деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Натыйжада аталган компаниянын лицензиясы токтотулган.

Количество просмотров: 60