• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Эдил Байсалов чет жактан 300 миңдей мигрант кайтканын айтты

4 Кулжа 2024 15:10 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга азайта алганын билдирди.

Бул тууралуу ал Женева шаарында эл аралык эмгек уюмунун директору Жильбер Унгбо менен жолугушканда айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Эдил Байсалов COVID-19 пандемиясынан кийин Кыргызстанда жумушчу күчкө болгон суроо-талап жана эмгек акы жогорулаганын кошумчалаган.

Ошондой эле Кыргызстанда чет жактан келген мигранттардын укуктарын коргоого жана тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө көңүл бурулуп жатканын айткан.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 2024-жылдын биринчи кварталындагы маалыматы боюнча, Кыргызстандын 655 миңден ашык жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Алардын көбү Орусияда эмгектенет.

Количество просмотров: 86