Кыргызстанда 1-апрелден тартып “Мектеп” (1mektep.edu.gov.kg) автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 28 миң 908 бала катталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен маалымдашты.
Министрликтен белгилешкендей, быйыл республика боюнча 190 миңден ашык квота каралган.
Мектепке электрондук каттоонун биринчи этаптабында ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.