• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эртең Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт

21 Аяк оона 2020 15:00 Бишкек Govori.TV

22-23-сентябрь күндөрү Бишкектин кээ бир райондорунда таза суу берүү токтотулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, Бишкектеги «Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо» суу топтоочу жайларын жана суу түтүктөрүн кышка даярдоо үчүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.

— 22-сентябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Калыс-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарында;

— 23-сентябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Дэн Сяопин, Профсоюз, Патрис Лулумба, Кустанай көчөлөрүндө, анын ичинде:

— Сяопин көчөсү №306;

— «Давут» дүкөнү;

— «Алтын Тамыр»;

— «ЖапаралиевУ.Т» компаниясы;

— «Акун» компаниясы;

— «КЭЧ-2» отказанында суу жок болот;

  • Дэн Сяопин көчөсүнүн №306/1 дарегинде суу жок болот.
Количество просмотров: 113