Эртең, 13-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде суу өчүрүлөт. Суу «Гагарин» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Төмөнкү жерлерде суу жок болот:
•Ала-Арча суусу — темир жол линиясы – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
•Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.