• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Эс алуу күндөрү Бишкекте аба ырайы кандай болот?

4 Бугу 202614:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет кызматы 4-майдан 10-майга чейинки Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайынын божомолу менен бөлүштү.

Маалыматка ылайык, 4-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 5-майда ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

6-8-майларда жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-майда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 10-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-майда: түнкүсүн 12…14 күндүз 20…22;

5-майда: түнкүсүн 10…12 күндүз 25…27;

6-майда: түнкүсүн 11…13 күндүз 28…30;

7-майда: түнкүсүн 13…15 күндүз 29…31;

8-майда: түнкүсүн 14…16 күндүз 30…32;

9-майда: түнкүсүн 14…16 күндүз 28…30;

10-майда: түнкүсүн 14…16 күндүз 24…26.

Количество просмотров: 288