Европа — 2024 чемпионатынын 1/8 финалы жыйынтыкталды. Акыркы оюнда Түркия Австрияны 2:1 эсебинде, ал эми Нидерландия Румынияны 3:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо ала алды.
Ошентип Евро — 2024 мелдешинин чейрек финалында ойной турган 8 улуттук курама белгилүү болду.
Чейрек финалда уткан төрт өлкөнүн футболчулары жарым финалда кез келет. Алардын оюндары 10-11-июлда болот. Анда жеңишке татыган эки команда 14-июлда финалда ойношот.
Белгилей кетсек, Европа чемпионаты Германияда өтүүдө.