Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада балбан Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты.
Кыргызстандык балбан алгачкы беттешинде коңшу казакстандык Мейрамбек Айнагулов менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Эми Жоламан чейрек финалды Молдовалык Виктор Чобану менен кез келет.
Жоламан Шаршенбеков 22 жашта. 2020-жылы дүйнө кубогунда алтын, 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан. Быйыл апрель айында Алматыда (Казакстан) өткөн лицензиялык Азия континенталдык турниринде баш байгенин ээси болуп, Олимпиадага жолдомо алган.