• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ФИФАнын президенти Кыргызстанга келет

25 Чын куран 202316:09 Бишкек Govori.TV

Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет. Бул тууралуу футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул анын өлкөбүзгө биринчи сапары. 4-5-майга белгиленген сапарынын алкагында Джанни Инфантино Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушат.

«ФИФАнын жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Президенти менен бирге Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда, анын курулушу «FIFA Forward» программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 102