• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024
Interrogation Room

Грузияда казак журналистин өлтүрүүгө шектелген киши күнөөсүн мойнуна алды

5 Теке 2023 15:10 Бишкек Govori.TV

Грузияда казак журналисти Жанбота Төлөгендин өлтүрүүгө шектелген киши күнөөсүн мойнуна алды. Бул тууралуу активист Дина Тансари билдирди.

Анын айтымында, 3-июль күнү Кахетияда Жанботанын эжеси Ботакөз Төлеген тергөө амалдарына катышкан. Ботакөздүн Казакстандан алып келген айрым далилдери бул ишке тиркелген. Ал бул иш боюнча жабырлануучу катары таанылган.

«Жанботаны мүлкүн тартып алуу үчүн өлтүргөнүн далилдөө үчүн азыр Казакстандын жардамы керек. Шектүү Габриэль Хохобашвили аны менен 2015-жылдан бери мамиледе болгон, бирок алар чогуу жашашкан эмес. Далай жолу келип, Жанботадан акча алып турган. Жанбота ага ишенген, ал мындан пайдаланган», — деп жазды Тансари.

Дина Тансаринин айтымында, шектүү Жанботаны алдап, мүлкүн сатууга, акчанын баарын акча алмаштыруучу жайдан алмаштырууга көндүргөн.

18-майда ал үйүн саткан, 21-майда сөөгү Кахатиядагы дарыядан табылган.

24-майда Грузиянын Ички иштер министрлиги Г.Х. аттуу жаран Сагареджо муниципалитетинде чыккан чыр-чатактын натыйжасында чет элдик эски таанышын өлтүргөнүн кабарлаган. Маркум Жанбота Төлеген экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 19-июнда бул маалыматты тастыктаган. Ведомство журналист Грузияда жеке иш сапары менен болгонун жана бул окуя анын кесиптик ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

Количество просмотров: 60