29-30-31-май күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он экинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бери Гүлниза Халиалдаева тренингге келе жатканда алдына койгон максаттарына жеткенин айтты.
«Биз үй күндө көптөгөн нерселерди өзүбүзгө алдык. Эми ушуну өзүмө эле алып калбай барып өз жергебизде жайылтуунун үстүндө иштейм», — деди ал.