• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Иликтөөчү журналисттерге Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык тапшырылды

13 Бирдин айы 202516:13 Бишкек Govori.TV

Бишкекте журналисттик иликтөө жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктер үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өттү.

Иш-чаранын алкагында медиа коомчулуктун, коомдук уюмдардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, эксперттердин, активисттердин жана журналисттердин катышуусунда медиа форум өттү.

Форумда ошондой эле журналист-аялдардын иликтөө жүргүзүүдөгү ролу жана медиа чөйрөсүндөгү муундар аралык ажырымга байланыштуу маселелер жана жаштарды ММКга тартуу маселелери талкууланды.

2024 сыйлыктын лауреаттары:

  • 1-орун — Семетей Аманбековдун командасы (Exclusive.kg) «Борбор Азиядагы эң ири тоо-кен чарбасы» иликтөөсү үчүн;
  • 2-орун — Т ЖМКнын журналисттери “Коргоо зонасына турак жай курган чиновниктер” материалы үчүн;
  • 3-орун – “Ботаникалык бактагы трагедия: ата-энелердин кайгысы” иликтөөсү үчүн Mediahub командасы.

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты Журналисттик иликтөө фонду негиздеп, жыл сайын 12-февралда журналисттин туулган күнүндө ыйгарылат.

Количество просмотров: 239