• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен алып салууну сунуштап кол топтогон Чотонов милицияга чакырылды.

27 Чын куран 202623:36 Бишкек Govori.TV

Көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен алуу демилгеси менен кол топтогон Өзбек Чотонов милицияга чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер министрлиги 27-апрелде кабарлады.

“Текшерүүнүн алкагында аталган акцияга катышкан бардык жарандар, анын ичинде диний ишмер Өзүбек ажы Чотонов түшүндүрүү маегине чакырылды. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп аялдуулук кылмыш жоопкерчилигине алып келерин түшүндүрүштү”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Социалдык тармактарда Өзүбек Чотоновдун көп аялдуулуктун жазасын жеңилдетүү боюнча кол топтоп жатканын билдирген видеосу тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштаган.

Количество просмотров: 106