Бишкекетин Арча-Бешик конушунда адам өлтүрүү катталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти.
Маалымат боюнча күйөөсү менен урушуп кетип бычак менен сайып салган. Бычакталган эркек алган жаракатынан улам ордунан каза болгон. Аял кармалып күнөөсүн мойнуна алды. Ал өлтүргүсү келбегенин, күйөөсүн коркутуп коюну гана ойлогонун айткан.
Белгилүү болгондой, аялдын боюнда бар. Аны убактылуу кармоочу жайга камашып, адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду.