Бишкек мэриясы Ататүрк паркынын чек арасын мурдагы абалына кайтарууну көздөп жатат. Парктын бир топ бөлүгү жеке менчикке өтүп, турак жай курулган эле. Үй салып алгандардын катарында аткаминерлер да бар.
Бишкектеги парктардан мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелерин кайтаруу боюнча дымактуу демилгелер буга чейинки мэрлердин тушунда да айтылып, бирок оңунан чыкпай келген.
16-апрелде апрелде Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушу тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.
«Ататүрк паркындагы мыйзамсыз үйлөр. Каршылык күчөдү», — деген темадагы Майдандын катышуучулары :
Таалайбек Усубалиев — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
Мавлян Аскарбеков — жарандык активист;
Роза Молдобаева — Бишкек шаарынын тургуну.