Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-августта Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылындагы сарайдан өрт чыгып, 3 тонна тоют чөп чөп зыянга учурады Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрт саат 14:04 чамасында чыккан. Айтылган дарекке №75 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 14:42де чектөөгө алынып, саат 15:31де толук өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун кесепетинен 3 тонна тоют чөп, 24 даана шифер, 9 даана айырмач (сторопила), 56 метр рейка зыянга учураган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.