• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кадамжайда 11-класстын окуучусу асынып алган

3 Бугу 202212:14 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда окуучу бала асынып алган абалда табылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай райондук милициясына 2-майда саат 17:40тар чамасында Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну өзүнүн үйүндө асынып алган абалда табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган жерге ыкчам тергөө тобу барып, ушул эле аймактагы орто мектептин 11-классынын окуучусу А.Б. үйүндө жалгыз калып, мал сарайына кирип, өзүн-өзү асып каза болуп калганын аныктаган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

Каза болгон өспүрүмдүн атасы Ош шаарында ооруканада дарыланып жаткан. Ал эми апасы Россияда миграцияда экендиги маалым болду.

Количество просмотров: 1072