• Дүйшөмбү 1 Теке 2024
  • Понедельник 1 Июль 2024

Кадамжайда селдин кесепетинен 5 жаштагы бала каза болду

25 Кулжа 2024 9:19 Бишкек Govori.TV

24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1 миңге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Тилекке каршы Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы Саидазим Илхамовдун сөөгү саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылды, учурда абалы орто.

Сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.

Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда.

Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Количество просмотров: 159