• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кетишти. Окуянын чоо-жайы

19 Тогуздун айы 2022 11:55 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кеткен факты иликтенүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 22.30 чамасында Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Көк-Талаа айылынын 61 жаштагы Ш.К. жана 29 жаштагы К. у.Р аттуу тургундарын белгисиз атуулдар белгисиз ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы Ш.М. (аял киши) аттууну уруп, денесине жараат келтирип, изин жашырып кетишкен.

Бул маалымат ошол эле түнү Кадамжай РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге Кадамжай РИИБдин начальниги милициянын майору К.Козубаев ыкчам тергөө тобу менен чыгып төмөнкүлөрдү тактаган.

«2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 22.00 чамаларында жабырлануучулар эс алып жаткан учурда, алардын үйлөрүнө белгисиз жарандар белгисиз куралдар менен кирип, эс алып жаткан 61 жаштагы Ш.К. аттууну көкүрөк жана бетине атып, анын уулу 29 жаштагы К.у.Р. аттууну башына атып, 59 жаштагы Ш.М. (аял кишинин) башына балта менен уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып, окуя болгон жерден изин суутуп качып кетишкен. Атылган октон жараат алган Ш.К.менен К. у. Р. окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми денесинен жараат алган Ш.М. Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.


Жогорудагы окуя Кадамжай РИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 1755