Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан жаңы бошотулган Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болду. Маалыматты корпорациянын Байкоочу кеңеши тастыктады.
Анын талапкерлиги КТРКнын байкоочу кеңешинин бүгүн, 15-октябрдагы жыйынында каралган.
КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев ээлеген кызматынан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазып, башка кызматка өтүп жатканы кабарланды. Ал бул кызматка 2020-жылы декабрда шайланган.