• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Kaktus.media жарыяланган маалыматы боюнча түшүндүрмө берди

28 Үчтүн айы 2022 12:29 Бишкек Govori.TV

Kaktus.media сайтында маалыматтын жарыяланышы боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта айтылгандай, 27-январда Kaktus.media сайтында ASIA-Plus тажик редакциясынын Кыргызстан менен чек арадагы кырдаал тууралуу маалыматын жарыяланган.

«Бул кабардын бирден-бир максаты – кыргыз коомуна тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, бийлиги Тажикстандын карапайым жарандарына окуялардын кандай версиясын айтып жатканын көрсөтүү болгон. Бирок, тилекке каршы, бул идея так айтылган эмес, ошондуктан кээ бир окурмандар бул текстти Kaktus.mediaнын материалы катары кабыл алып алышкан.

Редакция так эместиктер үчүн кечирим сурайт. Kaktus.media сайтынын редакциясы кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын дайыма бекем карманып келген», — деп айтылат редакция тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 27-январда Kaktus.media сайты тажик тараптын версиясы тууралуу маалымат чыгарган. Редакция чыгарган маалыматта Исфара мэринин маалымат катчысынын билдирүүсүнө таянып, чек арадагы окту кыргыз тарап биринчи чыгарганы айтылган.

Мындан көп өтпөй, соцтармактын айрым колдонуучулары бул маалымат боюнча өзүнүн терс пикирлерин айтышып, редакция туура эмес маалымат таратып жатат деп айыпташты.

Ал эми бүгүн, 28-январда Kaktus.media агенттигинин имаратына нааразычылык акциясын уюштуруу демилгеси көтөрүлгөн.

Ал арада социалдык тармактарда «мунун илеби менен башка да «чагымчыл» ММКларды жок кылалы» деген пикирлер айтылып жатат. Муну айрымдар чагымчылдык катары баалап, көз карандысыз ММКларга карата басым дешүүдө.

Нет описания.
Количество просмотров: 646