Бишкек. 06.02.2018. Govori.TV.
Кесиптештерим маршрутка менен жүргөнүн көргөндө уялам»- деген сөзү менен акыркы күндөрү «хит» болуп жаткан, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин бир тууган иниси Таалайбек Сариев деген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты бар.
Бирок бул депутат мырза агасындай уялчаак эмес экен. Себеби бүгүнкү сессияда шаардык кеңештин депутаттары ТЭЦтеги аварияны талкуулайлы деп чырылдап жатышса, Таалайбек Сариев бул маселени күн тартибине киргизүүгө биринчи «калыс» деп, экинчи жолкусунда «каршы» деген добушун берди.
Эми эртең кыштын суугунда тоңуган шайлоочулары менен жолуканда Таалайбек Сариев уялат болду бекен?